Нарын: Калың жааган кардан улам 2,5 миң баш мал тоютсуз калды (видео)

Нарын: Калың жааган кардан улам 2,5 миң баш мал тоютсуз калды (видео)

Нарында калың жааган кардан улам малчыларга каттаган жол жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2-майда саат 22:35де Ак-Талаа районунун Байгончок айылынын тургуну менен уюлдук телефон аркылуу байланышканда Орто-Сырт жайлоосуна күндүзү жааган кардын кесепетинен 2000 баш майда жандык, 530 баш ири мүйүздүү мал өз алдынча оттой албай калгандыгы жөнүндө билдирген.

Орто-Сырт жайлоосунда малчылар каттаган Мелис ашуусу жабылып, 5 үй-бүлө мал жандыгы менен калып калган. Учурда малчылардын тамак-ашы жетиштүү, бирок мал-жандыктарынын тоюту жок болгондуктан, жардам сурап кайрылышкан. Мындан улам Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысы – акимдин жетекчилиги менен отурум өткөрүлүп, кырдаалды жөнгө салуу иштери колго алынды.

Ал эми Орто-Сырт жайлоосуна барган жолду жана Чоң-Кыя ашуусундагы кар күрткүлөрүн ачуу жана байкоо жүргүзүү үчүн 2-майда Ак-Талаа райондук Жарандык коргонуу башчысынын орун басары У.Жылтыров жана №15 жол тейлөө ишканасынын башчысы М.Орозалиев менен бирге барып, калың жааган кардын кесепетинен Чоң-Кыя ашуусуна чыга албай кайра артка кайтышкан.

Бүгүн жеринде абалды билүү жана координациялоо иш-чараларын жүргүзүү максатында, ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын орун басарынын жетекчилигинде ыкчам топ тартылган.

Белгилей кетсек, боло турган кырдаал тууралуу алдын ала мекемелерге, жергиликтүү бийлик органдарына шашылыш билдирүү берилип, эскертүүлөр берилген.

Буга чейин Айыл чарба министрлиги 3-май күнү Терек айылында жашаган мал ээлери уюшуп, бир камаз тоют чөп алып, Терек айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетинин атайын техникасы жана аттар менен Орто-Сырт жайлоосуна кетишкенин маалымдаган. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>