«Манас-Ордо» комплексин мастабдуу түрдө жаңылоо иши уланууда. Учурда кайсы иштер жасалдыСокулукта жаранды травматикалык тапанча менен атып, жарадар кылган шектүү кармалдыКР автожолдорунда «Автоураган» иштей баштады — алар кайда орнотулган жана эмнелерди каттайтДастан Бекешев депутаттарга эмне үчүн малды башка бирөөнүн талаасына коё бербеш керектигин түшүндүрдү16-апрелде Бишкектин четиндеги бир катар конуштарда ичүүчү суу өчүрүлөтКир жана гигиена каражаттарынын жоктугу. Акыйкатчы Бишкек шаардык ИИББдин атайын кабыл алуу жайына барды
Өзбекстанга мал айдап өтүп, сатууга аракеттенген адам кармалды
06.05.2023 | 09:30
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 22 баш бодо малды Өзбекстанга мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалымат караганада, 33 жаштагы жаран 5-майда Сары-Булак жергесинде 22 баш буканы сатуу үчүн Өзбекстанга мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылып, кармалган.
Алдын ала эсеп боюнча, 22 баш бодо малдын баасы 1,5 млн сомду түзөт.
Кармалган жаран менен бодо мал тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз