Бишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу ысык суу өчүрүлөтТурдакун Усубалиевдин жакындары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыктыБишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледиШаардык сот Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыгарды
Ошто дүйнөлүк эпостордун эл аралык фестивалы өтөт
14.05.2023 | 11:22
Ош шаарында дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалы болуп өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Фестиваль 17-21-май күндөрү өтүп, анда “Мыкты Семетейчи”, “Мыкты Дастанчы”, “Мыкты Кыргыз боз үйү”, “Саркеч көчмөн” жана “Кадырлуу каада-салт” сынактары уюштурулат.
Бул жылы фестиваль кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана казак элининин залкар жазуучусу Муктар Ауэзовдун 125 жылдыгына арналат.
Фестивалга 30га жакын өлкөнүн көрүнүктүү өкүлдөрү катышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз