Жапаров: Быйыл 204 мектеп жана 49 бала бакчанын курулушу бүткөрүлөт

Жапаров: Быйыл 204 мектеп жана 49 бала бакчанын курулушу бүткөрүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Боз-Бармак айылында мектептин курулушуна капсула салды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров белгилегендей, быйыл жыл аягына чейин республика боюнча 204 мектеп жана 49 бала бакчанын курулушун аяктоо пландалууда. Ал эми Боз-Бармактагы мектептин курулушу күзгө чейин аяктайт.

«Бул мектептин бүтүрүүчүлөрү келечекте чыгаан окумуштуу, дарыгер, инженер, жазуучу болуп чыгып, өлкөбүзгө дүйнөлүк атак-даңк алып келет деп ишенем», — деди ал.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Боз-Бармактагы окуучулар буга чейин 3 чакырым алыс жайгашкан коңшу айылдын мектебине барып, окуп келишкен. Эми алар өз айылындагы мектепте билим алууга шарт түзүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>