Токмоктогу каргаша. Балдардын укуктары боюнча өкүл комментарий бердиДары аткезчилиги: Бишкекте мыйзамсыз кампа табылып, 10 дарыкананын иши токтотулдуЖаан-чачынга байланыштуу айрым аймактарды суу капташы күтүлүүдөАйпери Медет кызы бүгүн Хорватиядагы дүйнө чемпионатында килемге чыгатӨзү сырдап: Муниципалдык инспекциянын башчысы Бишкектеги граффити менен күрөшүүдөЖК төрагасы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту
Чүйдө аялын сабап, мойнуна бычак сайган киши кармалды
23.05.2023 | 09:35
Чүйдүн Военно-Антоновка айылында аялына бычак сайган деп күйөөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга 40 жаштагы Н.Ж. аттуу аял киши кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 19-майда анын 45 жаштагы күйөөсү К.К. мас болуп сабап, мойнуна бычак сайган.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 45 жаштагы К.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз