Миң-Куштагы уран калдыктарын көчүрүүгө жергиликтүүлөр каршы

Миң-Куштагы уран калдыктарын көчүрүүгө жергиликтүүлөр каршы

Жогорку Кеңеште 22-майда Нарындын Миң-Куш айылында көмүлгөн уран калдыктарын  рекультивациялоо маселеси боюнча жыйын өтүп, ага төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, тийиштүү министрлер, “Росатомдун” өкүлдөрү, Нарын облусунун, Жумгал районунун жетекчилиги, жергиликтүү кеңештин депутаттары, аймактын активисттери катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган. Алар программанын алкагында өлкөдөгү Кажы-Сай, Туюк-Суу, Миң-Куш жана башка уран калдыктары сакталган жайдан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин жүргүзүп баштаган.

Жыйында жергиликтүүлөр уран калдыктары герметикалык унаалар менен эмес ачык ташылып, талаптар жана нормалар сакталбай жатканын айтышты. Алар элдин саламаттыгына доо кетип жатканын кошумчалап, ташуу ишин токтотууну талап кылды.

“Ушунча жылдан бери уран калдыгы жатат, мындан кийин да зыяны жок болсо жата берсин деп жатат эл. Балдардын мурдунан кан токтобой, ден соолугубуз жабыркап жатканын биз өз денебиз менен сезип жатабыз”, — деди активист Райнура Алыкулова.

Активисттер жолдор чаңдап, жумушчуларга атайын кийим берилбегенин кошумчалады.

Бул айтылган дооматтарга “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын өкүлү Сергей Дерябин жооп берип, эгер жергиликтүүлөр рекультивация ишине каршы болсо, анда алар долбоорду токтотуп кетерин, чечим элдин өзүндө экенин белгиледи.

“Биз биринчи кезекте аймактагы радиоактивдүү, техногендик кырдаалды жөнгө салуу үчүн 4 мамлекет келишкенбиз. Тажикстанда бул иштер аягына чыкты. Ал жакта эч кандай каршылыктар болгон жок. Эгер сиздер каалабасаңыздар, биз ишти токтотобуз”, — деди Сергей Дерябин.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өнөктөш мамлекеттерден калдыктарды тазалоо үчүн каражат кыйынчылык менен тартылып келингенин эске салды. Ал мындай долбоордон баш тартуу тарыхый чечим болорун белгилеп, анын алдында терең ойлонууга чакырды.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев эл тарабынан айтылып жаткан дооматтар чечиле турган маселе экенин айтып, подрядчыларды кемчиликтерди жоюуга үндөдү. Эл өкүлү Нурбек Сыдыгалиев маселеге чекит коюу үчүн тийиштүү бийлик органдары менен апта соңунда Миң-Кушка барып, элдик жыйын өткөрмөй болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>