Сурабалдиева ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы болдуЖалпы жарандык паспортту эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн алмаштырууга болотЖапония Кыргызстандагы миңдеген фермерди колдоо үчүн 4,5 млн доллар бөлөт20-февралга карата аба ырайыErasmus+ программасы жана КРда билим берүүнү модернизациялоо: Европарламенттин делегациясы менен жолугушуунун жыйынтыгыДепутат Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин спикеринин орун басары болуп шайланды
Кыргызстанга бажы алымы төлөнбөй алынып келген учак аныкталды
31.05.2023 | 18:05
Кыргызстанга «AH26Б» учагы бажы алымы төлөнбөй алып келген. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, «AH26Б» учагы 2020-жылы ЕАЭБдин бажы аймагынан – Беларустан Бириккен Араб Эмираттарына экспорттолгон. 2022-жылдын сентябрь айында учак Кыргызстанга (ЕАЭБдин бажы аймагына) алынып келген. Бирок ал Кыргызстанга алынып келгенде тиешелүү бажы процедуралардан өтпөй, бажы алымы төлөнгөн эмес.
Учурда аталган учак үчүн төлөнө турган бажы алымы 8 млн 461,5 миң сомду түзүүдө. Анын ичинен 1 млн 569,3 миң сом туум болуп саналат.
Учак «B.S.» авиакомпаниясына таандык.
Бул факт боюнча материалдар мыйзам чегинде карап, чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом