Садыр Жапаров Эңилчек айылына барып, жашоочулар менен жолугуштуКыргызстан менен Казакстандын Тышкы Иштер Министрлери стратегиялык кызматташтыкты талкуулаштыНоокендеги айыл өкмөт башчысы коррупцияга шектелип кармалдыЫсык-Көлдө масштабдуу ILBIRS FEST 2025 экологиялык фестивалы өтөтЫсык-Көлдө инвестициялар талкууланат: Кыргызстан менен Германия ири бизнес-форум өткөрөтАКШ 69 өлкө үчүн импорттук тарифтерди киргизди
Рейтингдик мелдеш: Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты
02.06.2023 | 12:49
Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеште балбан кыз Айпери Медет кызы (76 кг) жарым финалга чыкты.
Айпери Медет кызы бүгүн, 2-июнда мелдештин экинчи күнүндө таймашка чыгып, беттешти квалификациялык айлампадан баштады.
Биринчи кармашында ал казакстандык балбанды, андан кийин чейрек финалда украиналык спортчуну жеңип алды.
Эми ал жарым финалда кытайлык балбан кыз менен күрөшөт.
Эскерте кетсек, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк рейтингдик мелдеш 1-4-июнь күндөрү «Бишкек-Арена» муз аянтчасында болуп өтөт. Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан келген 500дөн ашык спортчу катышууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз