РКӨФ Оштогу жаңы төрт жылдыздуу мейманканага 1,8 млн доллар инвестиция салатКөңүл бургула! 1-июндан тарта ЖКЭ бузууларды жаңы көчмө аппараттар (треногалар) каттай баштайтКыргызстандын патологоанатомдору жана онкологдору үчүн жаңы микроскоптор сатып алындыКытайлык инвесторлор Кыргызстандагы геологиялык чалгындоо долбоорлорун изилдешүүдө30-май: Айрым аймактарда жаан жаайтЖЕЭК соода жана интеграция боюнча чечимдердин топтомун бекитти
Видео: Ошто ок-дары жана гранаталар сакталган жашыруун жай табылды
02.06.2023 | 12:06
Ош облусунда ок-дарылар жана жардыргыч заттар сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, ок-дарылар менен жардыргыч заттар 30-майда Өзгөн шаарынын четинен табылган.
“8 даана граната, 6 даана модернизацияланган бирдиктүү кол гранатасынын сактагычы (запал УЗРГМ), 5,45 мм калибрдеги 114 патрон, 7,62 мм калибрдеги 46 патрон, 9 мм калибрдеги 1 патрон (Глок тапанчасынын), 7,62 мм калибрдеги 1 гильза табылып алынды. Табылып алынган ок-дарылар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды”, – деп айтылат маалыматта.
Учурда бул жашыруун жайга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз