Көптөгөн кыргызстандыктар акыркы күндөрү туура эмес акча кармалып, карталарынын бөгөттөлүшү менен туш болуштуКыргызстан менен Тажикстан соода жана энергетика жаатында кызматташууну бекемдейтАкыркы үмүт. Наталья Наговыцинадан кабар алуу үчүн дрон колдонулатБишкекте Чүй – Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинин түштүк бөлүгү ачылдыОштогу Учар көрүстөнүн рекультивациялоо иштери башталдыКыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок – Ташиев
Мамлекетке эң көп зыян келтирген мамлекеттик ишканалар аталды
05.06.2023 | 18:00
Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Эсеп палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов 2022-жылы мамлекеттик казынага эң көп зыян келтирген мамлекеттик компанияларды атады.
Жыйында Эсеп палатасынын 2022-жылга карата аткарылган иштери боюнча отчету каралып жаткан.
“Эң чоң зыян Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинде катталды, анткени анын карамагында «Кумтөр» компаниясы (зыян 7,5 млрд сом), «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы (6,5 млрд сом), «Манас» эл аралык аэропорту» (3,5 млрд сом) бар”, – деди Алмазбек Акматов.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом