57 млн сом зыян. «Инфокомдун» бөлүм башчысы кармалды

57 млн сом зыян. «Инфокомдун» бөлүм башчысы кармалды

Жабдыктарды кымбат баада сатып алуу фактысы боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигине (СӨМ) караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, УКМК тарабынан козголгон кылмыш иштин алкагында Мамлекеттик каттоо кызматына (азыркы СӨМ) жабдыктарды жогорулатылган баада сатып алуу фактысы аныкталган.

«Кылмыш ишинин алкагында, тендердин кээ бир катышуучулары менен сүйлөшүп алып, IT-жабдыктарды кымбат баада сатып алып, ал эми алардын кээ бирлери иш жүзүндө сатып алынбай жасалма түрдө алынды кылган «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы Т.Э.Б. кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Кылмыш ишин тергөө учурунда тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала келтирилген зыян дээрлик 57 млн сом деп эсептелген.

Учурда шектүү камакка алынган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>