Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болот
Бишкекте айрым коомдук транспорттун кыймылы өзгөрөт
06.06.2023 | 22:29
Борбор калаада 7-июндан тарта коомдук транспорттун айрым каттамдары жол кыймылын өзгөртөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2023-жылдын 7-июнунан тарта Буденный көчөсүнүн Жибек-Жолунан ЧЧКга чейинки бөлүгүндө асфальттагы кемчиликтерди оңдоо иштерине байланыштуу автотранспорт кыймылы убактылуу токтотулат.
Ушул себептен улам, коомдук транспорттун №21, №118 жана №260 каттамдарынын кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөртүлөт.
Алар белгисиз убакытка чейин Буденный көчөлөрүн Жибек – Жолу проспектисинен ЧЧКга чейин Курманжан Датка, Чугуев, Станционная, Нургазиев көчөлөрү менен айланып өтүшөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом