Соттуулугу жоюлган жемкорлорду бийликке жолотпоо сунушталууда

Соттуулугу жоюлган жемкорлорду бийликке жолотпоо сунушталууда

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорлорунун демилгечилеринин бири депутат Жеңишбек Токторбаев.

Коррупция боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн соттолгон адам, анын соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлган же жоюлбаганына карабастан, президент, депутат, төрага, Министрлер кабинетине мүчө боло албастыгын мыйзамга киргизүү сунушталууда”, — деп айтылат маалымата.

Талкууда депутат Чыңгыз Ажыбаев коррупциялык кылмыштар үчүн жазаны катаалдаштыруу керектигин белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Тэги: жемкорлук

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>