Бишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу ысык суу өчүрүлөтТурдакун Усубалиевдин жакындары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыктыБишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледиШаардык сот Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыгарды
Бишкекте дзюдо боюнча Азия Кубогу өтөт
07.06.2023 | 09:00
Бишкек шаарында дзюдо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында “Эр Жанек” ачык Азия Кубогу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 10-11-июнда өтүп, анда жалпы 9 өлкөнүн (Багама Аралдары, Беларус, Казакстан, Литва, Непал, Түркмөнстан, АКШ, Өзбекстан жана Кыргызстан) 200дөн ашык спортчусу күч сынашат.
Кыргызстандын атынан бул мелдешке 62 спортчу катышат.
Белгилей кетсек, Азия Кубогунун жеңүүчүлөрү 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына лицензия ойнотулчу мелдештерге катышуу үчүн упай топтошот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз