Үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бишкекте 76 жаштагы карыя изделүүдөБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылды
Чүй: Көчөдө бычак көтөрүп жүргөн мас адам кармалды (видео)
08.06.2023 | 13:09
Чүйдүн Восток айылында колуна бычак кармап, көчөдө жүргөн адам кармалып, милицияга жеткирилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 8-июнда соцтармактарга Восток айылында көчөдө бычак көтөргөн адам айыл тургундарынын дарбазаларын каккылап жатканы тартылган видео тараган.
Бул факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.
Окуя жерине милиция кызматкерлери барып, аталган жаран кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Милициядан билдиришкендей, кармалган жаран 40 жаштагы Восток айылынын тургуну болуп саналат. Ал мас абалында болгон.
“Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Анын жыйынтыгы менен коомдук тартипти бузган адамга карата мыйзамга ылайык чара көрүлөт”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз