Кыргызстан АКШны жеңди: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү боюнча алгачкы жыйынтыктарЖогорку Кеңеште иттерди атууга тыюу салып, чиптештирүүнү киргизүү сунушталуудаКөчмөндөр оюндарынан кийин Голливуд Кыргызстанда тасма тартууну пландап жатат — Ассоль МолдокматоваЖККУнун башкы катчысы КР Коргоо министрлигинин башчысы менен алдыдагы машыгууларды талкуулады«Голливуд жылдыздары таң калууда»: Молдокматова Көчмөндөр оюндарынын масштабына баа бердиКөчмөндөр оюндарында 500дөн ашык адам медициналык жардам сурап кайрылды
Бакуда Чыңгыз Айтматовдун айкели орнотулат
08.06.2023 | 12:38
Азербайжандын борбору шаары Бакуда Кыргызстандын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун айкели орнотулат.
Маалым болгондой, Азербайжандын Маданият министрлиги айкелдин эскиз-долбоорун даярдоо үчүн скульпторлор арасында сынак жарыялады. Сынак 15-июндан 31-июлга чейин өткөрүлөт.
Эскиздик долбоорлор аталган министрликтин мемориалдык жана архитектуралык комплекстерди, скульптура эстеликтерин орнотуу жана алуу боюнча эксперттик комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан бааланат. Долбоорлор жабык түрдө каралат. Ал эми, жеңүүчүлөр 15-августта белгилүү болот.
Экинчи орундун ээлерине 2 миң манат (102,8 миң сом), үчүнчү орун алгандарга 1 миң манат (51,4 миң сом) берилет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом