Жалал-Абадда алимент төлөбөгөн жаран эки жылга эркинен ажыратылдыКыргызстан 2026-жылдын башынан бери 17 тонна гүл экспорттодуКыргызстанда үч жашка чейинки балдарга 1200 сомдон жөлөк пул бериле баштайт. Президент кол койдуКорея Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант беретСадыр Жапаров абактан чыккан Даниэль Ажиевди алып бара жаткан тик учакты кайтарууну буйруду6-мартка карата аба ырайы
Азия чемпионаты (U17): Үч балбан финалга чыкты
10.06.2023 | 14:00
Бишкекте 17 жана 23 жаштагылар арасында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде үч грек-рим балбаны финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Аталган мелдеш бүгүн, 10-июнда башталды. Ал 18-июнда аяктайт. Мелдештин биринчи күнүндө 17 жашка чейинки балбандар арасында таймаштар өтүүдө.
Кыргызстандык үч балбан Азия чемпионатынын финалына чыкты:
45 кг: Марлен Абдысаматов (Кыргызстан) – Ерфан Морадиварвани (Иран)
51 кг: Ырысбек Хамдамов (Кыргызстан) – Мохаммад Мераж Исмаил Махмади (Иран)
60 кг: Сабит Шамшединов (Кыргызстан) – Казыбек Калмагамбетов (Казакстан)
Финалдык беттештер 18:00до башталат. Мелдеш “Бишкек-Арена” муз аянтчасында өтүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз