Улан Ниязбеков түркиялык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү

Улан Ниязбеков түркиялык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кечээ, 9-июнда кыргыз тараптын демилгеси менен ички иштер министри Улан Ниязбеков түркиялык кесиптеши Али Ерлакия менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Сүйлөшүүнүн башында Улан Ниязбеков Али Ерлакияны Түркиянын ички  иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, жогорку кызматында ийгиликтерди каалаган.

«Сизди, Түркиянын ички иштер министри кызматына дайындалышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм.  Бул дайындоо Сиздин мурда иштеген кызматтарда жасаган ак эмгегиңизди, жараткан ийгиликтериңиз өлкө жетекчилиги тарабынан жогору бааланып жана ошону менен бирге эле Сизге болгон чоң ишеними деп билемин. Сиздин буга чейинки ээлеген, эл менен тыгыз иштеген жооптуу жетекчилик кызмат орундарыңыз, чоң тажрыйбаңыз, өнүгүп жаткан түрк мамлекетинин коопсуздугу, жарандардын бейпил жашоосу үчүн түрк полициясынын кызмат кылуусун мындан ары да жаңы жетишкендиктер менен өнүгүшүнө салым кошооруңузду билебиз», — деди ал.

Аны менен бирге ал эки өлкөнүн министрликтери тыгыз кызматташууну улана берерине ишене турганын билдирген.

«Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Түркияда болуп өткөн президенттик жана парламенттик шайлоонун ийгиликтүү аякташы, түрк полициясы бул маанилүү иш-чарада өз милдеттерин жогорку деңгээлде аткарышы менен дагы куттуктаймын. Сизге чейин Түркиянын Ички иштер министрлигин жетектеген урматтуу Сулейман Сойлу мырза менен да жылуу мамиледе, тыгыз байланышта кызматташып, бир топ алгылыктуу иштерди жасадык. Сиз менен да түрк тилдүү эки өлкөнүн бейпилдиги үчүн бир туугандай мамиледе, министрликтерибиздин өз ара кызматташуусун, достук мамилесин мындан ары да биргеликте өнүктүрө беребиз деп толук ишенемин. Мен күнү-түнү дебей баардык бизге тиешелүү маселелер боюнча байланышууга ар дайым даярмын. Жакын арада Кыргызстанда же Түркияда жолугушуп, бетме-бет отуруп, коопсуздук жаатында биргелешип кызматташыбыз деген пикирдемин. Сизге узун өмүр, чын ден-соолук, үй-бүлөнүзгө аманчылык, бул жооптуу жаңы кызматыңызда ар дайым ийгиликтер болушун, ал эми бир боордош түрк эли ачык асман алдында өнүгүп өсө беришин каалайм», — деди ал.

Жыйынтыгында Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрлери жакын арада пландаштырылган иш сапарларды жана иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча биргеликте күч-аракет жумшоого макулдашышкан

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>