Жалал-Абадда июнь окуясында курман болгондор эскерилди. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 12-июнь күнү Сузак районунун Топурак-Бел ашуусундагы 2010-жылдын июнь окуясында курман болгондор эскерилди. Эскерүү иш-чарасына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жалал-Абад облустук казыятынан, каргашалуу окуяда каза болгондордун жакындары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.
Иш-чарада Сампада каза болгондорго Куран окулуп, жакындарына көңүл айтылды.
Белгилей кетсек, июнь окуясында Жалал-Абад шаары боюнча 35 жаран каза болуп, экөө дайынсыз жоголгон.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз