Кыргызстандык стендап-комик Элдос Алмазов каза болду. Ал 29 жашта элеКРде жалгыз бой ата-энелердин иш күнүн 1 саатка кыскартуу сунушталдыБишкекте 9,6 млн сомдук жаңы вакцина кампасы ачылдыКыргызстандык ветеринарлар «Веттория» эл аралык сыйлыгына арыз бере алышатЧек арасыз сүйүү жана айыл юмору: «Тентек кыз» комедиясы прокатка чыгуудаБишкектин үч конушунда 20-ноябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Жалал-Абадда июнь окуясында курман болгондор эскерилди
12.06.2023 | 21:20
Жалал-Абадда июнь окуясында курман болгондор эскерилди. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 12-июнь күнү Сузак районунун Топурак-Бел ашуусундагы 2010-жылдын июнь окуясында курман болгондор эскерилди. Эскерүү иш-чарасына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жалал-Абад облустук казыятынан, каргашалуу окуяда каза болгондордун жакындары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.
Иш-чарада Сампада каза болгондорго Куран окулуп, жакындарына көңүл айтылды.
Белгилей кетсек, июнь окуясында Жалал-Абад шаары боюнча 35 жаран каза болуп, экөө дайынсыз жоголгон.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат