Бишкекте спорт мекемелерге жетекчилер дайындалды

13.06.2023 | 23:08

Бишкекте бош кызмат орундарына өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы жана конкурстук комиссиянын чечими менен мэриянын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин түзүмдүк бөлүмдөрүнө жетекчилер дайындалды.

 

Төмөндө жетекчилердин тизмеси:

 

– Аманкулов Кубанбек Качкынович – өспүрүмдөр спорт мектебинин директорунун шахмат боюнча орун басары болуп дайындалды;

 

– Чалов Базарбек Иткараевич – Бильярд жана велоспорт боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору болду;

 

– Жолчубеков Каныбек Байбекович – Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору болду;

 

– Иван Викторович Сергиенко – теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрлөрү боюнча спорт мектебинин директору болуп дайындалды;

 

– Абдурасулов Азамат Абдурасулович – Күрөш өнөрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору болду.

 

– Эсеналиев Куваныч Аманбаевич – мэриянын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин алдындагы “Газпром балдар үчүн спорттук эс алуу комплекси” муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды.

[image_carousel source=”media: 191601,191602,191603,191604,191605″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Scroll to Top