14-июнга карата аба ырайы

14-июнга карата аба ырайы

Кыргызгидромет 14-июнга карата Кыргызстандагы аба ырайынын болжолун жарыялады.

 

Түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарында, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

 

 Чүй облусу

 

түнкүсүн +15…+20

 

 күндүз +31…+36

 

 Талас облусу

 

түнкүсүн +14…+19

 

 күндүз +29…+34

 

Баткен облусу

 

түнкүсүн +18…+23

 

 күндүз +32…+37

 

Ош, Жалал-Абад облустары

 

 түнкүсүн +18…+23

 

 күндүз +32…+37

 

 Ысык-Көл облусу

 

түнкүсүн +12…+17

 

 күндүз +24…+29

 

 Нарын облусу

 

түнкүсүн +10…+15

 

 күндүз +23…+28.

 

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетип,   абанын түнкү төмөнкү температурасы 18…20°, күндүзгү жогорку температурасы 34…36° жылуу болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>