Бишкекте спорт мекемелерге жетекчилер дайындалды

Бишкекте спорт мекемелерге жетекчилер дайындалды

Бишкекте бош кызмат орундарына өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы жана конкурстук комиссиянын чечими менен мэриянын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин түзүмдүк бөлүмдөрүнө жетекчилер дайындалды.

 

Төмөндө жетекчилердин тизмеси:

 

— Аманкулов Кубанбек Качкынович — өспүрүмдөр спорт мектебинин директорунун шахмат боюнча орун басары болуп дайындалды;

 

— Чалов Базарбек Иткараевич — Бильярд жана велоспорт боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору болду;

 

— Жолчубеков Каныбек Байбекович — Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору болду;

 

— Иван Викторович Сергиенко — теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрлөрү боюнча спорт мектебинин директору болуп дайындалды;

 

— Абдурасулов Азамат Абдурасулович — Күрөш өнөрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору болду.

 

— Эсеналиев Куваныч Аманбаевич — мэриянын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин алдындагы «Газпром балдар үчүн спорттук эс алуу комплекси» муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>