Нарын: Милиция кызматкерлери кайрымдуулук кылышты
Нарын облустук милиция кайрымдуулук көрсөттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 14-июнь күнү Нарын милициясы атайын токтомдун негизинде, облус борборундагы моралдык жана материалдык жактан муктаж болгон жарандарга “БИЗДИН БАЛДАР – ПЛАНЕТАНЫН КЕЛЕЧЕГИ!”-деген ураанда кайрымдуулук көрсөтүлдү.
Кайрымдуулуктун алкагында Нарын ОИИБдин башчысынын орун басары милициянын полковниги Кумар Кабылбеков Нарын шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана жалгыз бой энелерге арналган азык-түлүктөрдү тапшырды.
[image_carousel source=”media: 191732,191733″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]