Түрмөдөгү бир жылын кыскартууга 2-3 миң доллар беришет экен, — депутат

Түрмөдөгү бир жылын кыскартууга 2-3 миң доллар беришет экен, — депутат

Бүгүн, 14-июнда соттордун жана прокурорлордун ишмердүүлүгүн текшерүүчү депутаттык комиссиянын биринчи отуруму өтүп, анда комиссиянын төрагасы болуп депутат Жусупбек Коргонбай уулу, ал эми орун басарлыгына Арсланбек Малиев шайланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Отурумда комиссиянын мындан аркы иш пландарын талкууланып, анын курамына Жогорку Кеңештин тийиштүү бөлүмдөрүнүн эксперттерин, Акыйкатчы институтунан, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор өкүлдөрдү кошуу чечими кабыл алынды.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу абакта отургандардан кабар алганын белгилеп, ал жактагы жагдайга токтолду.

“Соттолгон 40тай жаран менен жеке сүйлөшүп чыктым. Адам өлтүрүү сыяктуу өтө оор беренелер менен 14 жылга кесилген жаранды соттор мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу аркылуу, 1 жыл 9 айдан кийин чыгарып жиберишкен. Ал эми жеңил кылмыштар менен кармалган, маселен, 2700 сом уурдаган жаран мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууну күтүп отурат. Абакта кармалган 54 жаштагы аялдын кашы, чачы түшүп калган. Рак оорусунун 3-стадиясы аныкталган, учурда химия алат. Бирок аны  4-стадияга өткөндө гана чыгарабыз дешет. Мына ушул сыяктуу мисалдар толтура”, — деди депутат.

Эл өкүлү түрмөлөрдө турукташкан коррупциялык схема бар экенин айтып, комиссия мүчөлөрүн жигердүү иш алып барууга үндөдү.

“Кадимкидей базарга айланган. Бир жыл үчүн 2000-3000 доллар деген ставкасы бар. “Түрмө кожоюну” деген адам камактагы жаран тууралуу сотторго өтүнүч берет экен. Бул жерде комиссия мүчөлөрү, прокурор, сот баары өздөрүнүн үлүшүн алышат да, мөөнөтүнөн мурда чыгаруу чечимин чыгарып беришет. Эмне үчүн акчасы барлар жазадан кутулат, ал эми акчасы жок байкуштар абакта отуруш керек”,- деп белгиледи Жусупбек Коргонбай уулу.

Талкууда комиссия мүчөлөрү көп багыттуу жана кеңири масштабдуу жумуш алып баруу зарылдыгын белгилешти.

Андыктан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандардан тышкары, тергөө абагында өкүмүн күтүп отургандар, соттолгондор жана башка иштер боюнча да тийиштүү органдардан маалымат алынмакчы.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында мыйзамсыз соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча соттордун жана прокурорлордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>