БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
“Атасынын баласы” тасмасы үч эл аралык фестивалга катышат
15.06.2023 | 09:00
Кыргызстандык “Атасынын баласы” кыска метраждуу тасмасы үч эл аралык фестивалга катышат. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Тасманы режиссер Дастан Мадалбеков тарткан.
Аталган фильм 13-20-сентябрда Кореядагы Балдар киносунун Сеул эл аралык фестивалына, 23-25-июнда Кипрдин Пафос шаарындагы эл аралык кинофестивалга жана 13-23-июлда Бразилиядагы Балдар анимациясы жана Кино жумалыгында көрсөтүлөт.
Тасмада жалгыз бой ата баласын үйдө жалгыз калтырып, бир нече күнгө жоголуп кеткени баяндалат. Бала болгону 10 жашта. Ал үчүн жалгыз, атасын күтүп жашаган ар бир күн оор сыноого айланат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз