15-июнга карата аба ырайы

15-июнга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин билдиришинче, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +15… + 20
күндүз + 30… + 35

Талас облусу

түнкүсүн +13… + 18
күндүз +29… + 34

Баткен облусу

түнкүсүн +18… + 23
күндүз + 32… + 37

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +18… + 23
күндүз + 32… + 37

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +10… + 15
күндүз +24 … +29

Нарын облусу

түнкүсүн +9… + 14
күндүз +20… + 25

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м / с.абанын минималдуу температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +32…+34 градус болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>