«2040-жылга чейин: Кыргызстанда табиятты коргоонун негизги планы сунушталды»Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга келетКыргызстан АКШдан келген автоунааларды көбүрөөк алып жатат, бирок аларга азыраак каражат сарптоодоИшкердикке жеңилдик: уруксат документтери эки эсеге кыскартылатМосквада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдү
Ысык-Көлгө лагерге аз камсыз үй-бүлөлөрдөн 240 бала жөнөтүлдү
16.06.2023 | 10:25
Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 240 балага ылайыкталган «Жалын» жайкы лагеринде эс алуу уюштурулду. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, министр Кудайберген Базарбаев балдарга жакшы эс алууну каалап, жылуу сөздөрүн айтып, балдарды лагерге узатты.
Ысык-Көлдө майыптыгы бар балдар, багып алган үй-бүлөдө жашаган, тоголок жетимдер жана камкордукка , көзөмөлдүккө алынган балдар, ошондой эле интернаттардын тарбиялануучулары жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары ден соолукту чыңдоого жетише алышат.
Министрликтен билдиришкендей, жалпысынан үч агым уюштурулуп,лагерде 550дөн ашык бала эс ала турганы пландалууда.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом