Баткенде 416 үй курулуп бүттү. Жапаров жаңы турак жайларды көрдү

Баткенде 416 үй курулуп бүттү. Жапаров жаңы турак жайларды көрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы каргашалуу окуялардын натыйжасында талкаланган Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу бир нече айылдарында курулуп бүткөн турак-жайлардын абалы менен таанышты.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен облусу боюнча жалпысынан 417 турак жай жабыркаганы, бүгүнкү күндө 416 турак жайдын курулушу бүткөрүлгөнү айтылды. Ак-Сай айылында жайгашкан бир үй 2 күндүн ичинде бүткөрүлөөрү белгилүү болду.

Белгилей кетсек, үйлөрдү курууга республикалык бюджеттен 1,3 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.

Бүткөрүлгөн үйлөр менен таанышып чыккан Акылбек Жапаров өзгөчө макамга ээ болгон Баткен облусун өнүктүрүү мамлекеттин приоритеттүү багыты экенин белгиледи.

“Мамлекет башчысы Баткен облусунун “депутаты” дагы, “министри” дагы экенин, облус калкынын жашоосун мурдагы нукка буруу үчүн бардык шарттарды колдонобуз деп бир нече жолу айткан. Бардык шарттары бар турак-жайлар курулуп бүттү, социалдык объектилер, аскердик инфраструктураны бүтүрүү стадиясында турат, жолдор, анын ичинде ички жолдор курулууда. Акырындык менен жашоо жакшырып баратат, баары жакшы болот, Баткенди гүлдөп-өсүү гана күтүп турат”, — деди ал.

Андан соң ротация менен келген жергиликтүү бийлик башчыларына курулган кызматтык үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Учурда үйлөрдүн курулушу 85%га бүтүп калды, тактап айтканда, пайдубалын түптөө бүткөрүлүп, чатыры жабылып, ички жана тышкы оңдоо иштери бүткөрүлдү. Маалым болгондой, облус боюнча жалпысынан 31 ушундай турак-жай курулат.

Иш сапарынын биринчи күнүнүн соңунда Министирлер кабинетинин төрагасы Лейлек районунун ички жолдорун реконструкциялоо иштери менен таанышып, жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>