Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт.
Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +17…+22
күндүз +26…+31
Талас облусу
түнкүсүн +15…+20
күндүз +26…+31
Баткен облусу
түнкүсүн +19…+24
күндүз +31…+36
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +19…+24
күндүз +31…+36
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +9…+14
күндүз +21…+26
Нарын облусу
түнкүсүн +6…+11
күндүз +22…+27
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетип, абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүзгү жогорку температурасы 29…31°. болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз