20-июнга карата аба ырайы

20-июнга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +17…+22

күндүз +26…+31

Талас облусу

түнкүсүн +15…+20

күндүз +26…+31

Баткен облусу

түнкүсүн +19…+24

күндүз +31…+36

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +19…+24

күндүз +31…+36

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +9…+14

күндүз +21…+26

Нарын облусу

түнкүсүн +6…+11

күндүз +22…+27

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.  чейин жетип, абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүзгү жогорку температурасы 29…31°. болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>