Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде транспорттук түйүн курулат2026-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумарына кандай ысым берилгени белгилүү болдуАӨБ Кыргызстандын 2026–2027-жылдарга карата экономикалык өнүгүү божомолун жарыяладыКара-Суудагы Талдык каналы толук реконструкцияланатУКМК: Талас медициналык коллежинде кызматкер 14 жыл жумушка келбей, айлык алып турганЭдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болду
Руслан Казакбаев Кыргызстандын Израилдеги элчиси болду
22.06.2023 | 17:35
Руслан Казакбаев Анкара шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Израилдеги элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
“Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Казакбаев Руслан Айтбаевич Анкара шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Израилдеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды”, – деп айтылат маалыматта.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом