Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Жогорку соттун төрагасынын орун басары айлык маянасын айтты
22.06.2023 | 17:55
Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында депутаттар Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаевдин айлык маянасы канча экенине кызыгышты.
Мусаев айлык маянасы 56 миң сом экенин айтты. «30 жылдан ашык тажрыйбам бар», – деди ал. Ал 57 жашта.
Депутат Жеңишбек Токторбаев алар болжол менен бир убакта пенсияга чыга турганын айтып, «мен 10 миң сом менен пенсияга чыгам. А силер 125 миң сом менен чыгасыңар. Мына адилеттүүлүк», – деди Токторбаев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом