Кыргызстанда «Эң таза шаар» жана «Эң таза айыл аймагы» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталдыКыргызстанда 2026-жылдын түшүмү үчүн күздүк эгиндерди себүү аяктадыСаламаттык сактоо министрлиги балдарды дарылоодогу системалуу жардамы үчүн фонддорго жана бизнеске ыраазычылык билдирдиРоссияда нацисттердин колунан жабыркаган совет элинин геноцид курмандыктарын эскерүү күнү бекитилдиБишкек 2026-жылы жаштар арасындагы хоккей боюнча дүйнө чемпионатын кабыл алатКыргызстандын ооруканалары жана бейтапканалары 1-январдан 9-январга чейин кандай иштейт? График
Кытайда ресторандан газ жарылып, 30дан ашуун адам каза болду
22.06.2023 | 20:54
Өлкөнүн түндүк-батышындагы Инчуан шаарындагы ресторанда газ жарылып, кеминде 31 адам каза болуп, жетөө жараат алды.
Маалыматка ылайык, окуя кечки саат тогуздар чамасында болгон. Синьхуа маалымат агенттигинин маалыматына караганда, жарылуудан бир саат мурун кызматкерлер газдын жытын байкап, баллондун клапаны сынып, ал алмаштырылганда жарылуу болгонун аныкташкан.
Иликтөө иштеринин алкагында ресторандын ээси, акционерлери жана кызматкерлери болгон тогуз адам кармалды. Алардын активдери да тоңдурулганын Синьхуа агенттиги кабарлады.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар