28-февралга карата аба ырайыИдеядан экранга чейин: Бишкекте «Үмүт» жаш кино форуму өтөтБишкекте «Росатомдун» экологиялык жана коомдук пайдалуу долбоорлор сынагынын жеңүүчүлөрү сыйландыТашкент – Ош багыты боюнча туруктуу авиакаттам ачылатКыргызстандыктар декабрда канча насыя алышты жана эсептик чендин өсүшүнө карабастан, алар эмне үчүн арзандады?Бишкекте баңги лабораториясы табылып, 4 кгдан ашык баңгизат алынды
Унаада кызды зордуктоого шектелип экс-чиновник кармалды – видео
23.06.2023 | 14:36
Милиция Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мурдагы кызматкерин кармады.
Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы 23-июнда билдиргендей, Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-беренеси («Зордуктоого аракет кылуу») боюнча 1993-жылы туулган Б.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Буга чейин социалдык тармактарда Токтогул-Ибрагимов көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган жол тандабастын арткы орундугунда эркек менен кыздын урушуп жатканы тартылган видео тараган.
Ошол эле күнү, 15-июнда 27 жаштагы кыз таанышын күч колдонуп зордуктоого аракет кылган деп айыптап, милицияга кайрылган.
Маалым болгондой, шектүү мурда Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде бөлүм башчы болуп иштеген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом