«2040-жылга чейин: Кыргызстанда табиятты коргоонун негизги планы сунушталды»Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга келетКыргызстан АКШдан келген автоунааларды көбүрөөк алып жатат, бирок аларга азыраак каражат сарптоодоИшкердикке жеңилдик: уруксат документтери эки эсеге кыскартылатМосквада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдү
Wildberriesде беш айда 57 млн долларлык кыргыз товары сатылды
23.06.2023 | 15:47
Быйыл беш айда “Wildberries” Кыргызстанда өндүрүлгөн 5 млрд. рублдан ашык (57 млн. доллар) өнүмдөрүн сатты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова менен аталган платформанын башкы директору Татьяна Бакалчуктун жолугушуусунда белгилүү болду.
Татьяна Бакальчук Кыргызстанда тигүү тармагынын өнүгүүсүндөгү ийгиликтерди белгиледи. Ошондой эле, кыргызстандык ишкерлер өндүрүштү гана эмес, электрондук базарлар аркылуу соода жүргүзүүнүн жолдорун да активдүү өздөштүрүп жатканын айтты.
Тараптар кызматташуунун келечегин жана “Wildberries” компаниясында кыргыз товарларынын потенциалын талкуулашты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом