КР Саламаттык сактоо министрлиги реанимация кызматын өнүктүрүү пландарын белгиледиЖибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы унаалар үчүн ачылатКыргызстанда таттуу суусундуктарга жана туздуу азыктарга акциздик салыкты жогорулатуу сунушталуудаКыргызстандан мал ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды10-март: Жаан, кар жаайтАйдоочулук күбөлүк алып берем деп, алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалды
“Подстава кылган”. Чүйдө күч органынын үч кызматкери кармалды
29.06.2023 | 12:29
Чүй облустук милициянын Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын бир кызматкери жана ыкчам чара көрүү атайын бөлүгүнүн эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.
Маалыматка караганда, алар Ички иликтөө кызматы тарабынан колго түшүрүлгөн. Аталган кызматкерлер “Россиянын жаранына баңгизат салып коюп, андан дээрлик 300 миң сом акча алган” деп шектелүүдө.
Шектүүлөр кармалып, тергөө абагына камакка алынган. Ишти ИИМдин тергөө кызматы алып барууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз