Израилде кыргыз элине ыраазычылык ташы ачылды — сүрөт

Израилде кыргыз элине ыраазычылык ташы ачылды — сүрөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Экинчи дүйнөлүк согушта еврей үй-бүлөлөрүн баш калкалаган кыргыз элине ыраазычылык ташын ачуу аземине катышты. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

«Кыргызстанда эки ысым эрк эркиндигинин символу болуп калды – 16 жашында эвакуацияланган 150 баланы багып алган Токтогон Алтыбасарова жана эвакуациянын бардык кыйынчылыктарын башынан өткөргөн миңдеген балдардын символу болгон Эстер Сингер.

Тилекке каршы, Эстер дагы көптөгөн балдардай эле жолдон аман калган жок, бирок орусча Сретенка деген кыргыз айылына орнотулган Эстердин ташы ошол жылдары да жана бүгүнкү күндө бир экенибизди билдирет», — деди Кудайберген Базарбаев өз сөзүндө.

Министр ошондой эле ар бир балага бакубатчылык, эркиндик жана тандоо мүмкүнчүлүгү, үй – бүлөлүк чөйрө — бул президент Садыр Жапаровдун саясатынын өзөгүн түзгөн баалуулуктар экенин белгиледи.

«Кыргызстандын башчысынын биринчи жарлыгы адеп-ахлак, руханият, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо жөнүндө жарлыктар болгону бекеринен эмес. Акыркы жылдары Кыргызстандын социалдык камсыздоо чөйрөсүнө болуп көрбөгөндөй көңүл бурулду. Жетим балдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга мамлекет тарабынан артыкчылыктуу көңүл бурулат», — деди ал.

Буга чейин маалымдалгандай, министр Израилде иш сапары менен жүрөт жана израилдик кесиптеши менен кыргызстандыктардын Израилдеги жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаган.

Делегациянын курамында билим берүү министринин орун басары Авазбек уулу Расул да бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>