Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолундагы көпүрөгө мурдагы министрдин ысымын берүү сунушталууда — долбоор15-ноябрга карата аба ырайы: эртең менен туман, тоолордо кар жаайтКыргызстанда 93 соода борбору иштейт, алардын дээрлик жарымы БишкектеКооптуу азыктар: Кыргызстанда тобокелдиктерди баалоонун жаңы эрежелери иштелип чыктыСузактык ишкер айым жеңилдетилген насыяга кампа куруп, кара өрүк экспорттойтКыргызстандын базарларында соода орду канча турат – Улутстаткомдун маалыматы
“Подстава кылган”. Чүйдө күч органынын үч кызматкери кармалды
29.06.2023 | 12:29
Чүй облустук милициянын Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын бир кызматкери жана ыкчам чара көрүү атайын бөлүгүнүн эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.
Маалыматка караганда, алар Ички иликтөө кызматы тарабынан колго түшүрүлгөн. Аталган кызматкерлер “Россиянын жаранына баңгизат салып коюп, андан дээрлик 300 миң сом акча алган” деп шектелүүдө.
Шектүүлөр кармалып, тергөө абагына камакка алынган. Ишти ИИМдин тергөө кызматы алып барууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз