Бишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледиКышкы каникул расмий түрдө 12-январга чейин узартылдыПрезидент эмдиги жылы апрелден тарта айлык акылар көбөйтүлөрүн айттыСаламаттык сактоо министрлиги бейтапканалардагы узун кезектин себебин түшүндүрдүЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жөнүндө келишимге кол коюштуАрашан айылынын информатика мугалими балдарды санариптик келечекке кантип даярдап жатат
Видео: Жалал-Абадда массалык мушташ болду
05.07.2023 | 11:30
Жалал-Абад шаарында 2-июлда массалык мушташ болду. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Облустук милициядан Reporter.kg’ге билдиришкендей, 2-июль күнү болжол менен саат 20:20да милицияга Жалал-Абаддагы супермаркеттердин биринин алдында топ балдар ызы-чуу салып жаткандыгы туралуу билдирүү келип түшкөн.
Бул окуя шаардык милицияда каттоого алынып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.
“Окуянын катышуучуларын аныктоо үчүн тергөө тапшырмасы берилген. Бирок азыр эч ким аныктала элек. Алдын ала маалыматтар боюнча, 20 жаштардын айланасындагы балдардын ортосунда ызы-чуу болгон”, – деп билдиришти милициядан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз