Россия Кыргызстанга 9 мектеп курат. Бүтүрүүчүлөргө эки аттестат берилет

Россия Кыргызстанга 9 мектеп курат. Бүтүрүүчүлөргө эки аттестат берилет

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында билим берүүчү биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана эксплуатациялоо шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамына кол койду. Макулдашууга 2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылганы тууралуу орус тарапка билдирүүгө милдеттүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет («Эркин Тоо» газетасынын 2023-жылдын 27-июнунда №51 жарыяланды).

Макулдашууга ылайык, бардык облустарда,  Бишкек жана Ош шаарларында биргелешкен 9 кыргыз-орус билим берүү уюмдарын Кыргызстандын мамлекеттик билим берүү жана Россиянын федералдык мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык окутулуучу билим берүү мекемелерин этап-этабы менен куруу каралган.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, келишимде мектептер Кыргызстандын жана Россиянын мыйзамдарына ылайык, башталгыч, жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча билим берүү жүргүзөт. Окууну аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөргө эки үлгүдөгү – Кыргызстандын  жана Россиянын аттестаты берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>