ЖРТда кайсы мектептин бүтүрүүчүлөрү жогорку упай алышты?
2023-жылы Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку упайды жана “Алтын сертификат” алуу укугун Е.Б.Якирдин атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин 7 бүтүрүүчүсү алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиген билдиришти.
“Алтын сертификат” алууга төрттөн бүтүрүүчүсү талапкер болгон мектептер:
– Бишкек шаары, №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси;
– Бишкек шаары, Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы орто билим берүүчү мектеби;
Үчтөн бүтүрүүчүсү:
– Бишкек шаары, №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекс;
Экинден бүтүрүүчүсү:
– Бишкек шаары, №12 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
– Бишкек шаары, “Келечек” билим берүү комплекси;
– Ош облусу, Ош шаары “Сема” Ош лицейи;
– Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары, И.Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи;
Бирден бүтүрүүчүсү:
– Бишкек шаары, №9 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
– Бишкек шаары, №13 мектеп-гимназиясы;
– Бишкек шаары, А.Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
– Бишкек шаары, А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясы;
– Бишкек шаары, №25 жалпы орто билим берүүчү мектеби;
– Бишкек шаары, №31 мектеп-гимназиясы;
– Бишкек шаары, №33 мектеп-гимназиясы;
– Бишкек шаары, №66 “Ден соолуктун жана өнүгүүнүн мектеби ” гимназия окуу-тарбия комплекси;
– Бишкек шаары, №67 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
– Бишкек шаары, К.Бобулов атындагы №88 жалпы орто билим берүүчү мектеби;
– Бишкек шаары, “Айчүрөк” Бишкек лицейи;
– Бишкек шаары, А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи;
– Бишкек шаары, “Ыйык Апостоль князь Владимир мектеби” билим берүү мекемеси;
– Бишкек шаары, “Маариф” билим берүү комплекси;
– Бишкек шаары, “Эврика” гимназия билим берүү комплекси;
– Бишкек шаары, “Гарвард Интернейшнл Скул” окуу-тарбия комплекси;
– Бишкек шаары, “Газпром Кыргызстан” мектеби;
– Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, “Билимкана- Жалал-Абад” орто мектеби;
– Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи;
– Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чок-Тал айылы, З.Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейи;
– Нарын облусу, Ак-Талаа району, Кош-Дөбө айылы, Э.Мейманов атындагы орто мектеби;
– Нарын облусу, Ат-Башы району, Кызыл-Туу айылы, К.Керималиев атындагы орто мектеби;
– Ош шаары, №4 С.Киров атындагы орто мектеби;
– Ош облусу, Кара-Суу району, А.Сматов атындагы орто мектеби;
– Талас облусу, Талас шаары, Э.Айылчиев атындагы №7 орто мектеби;
– Талас облусу, Талас шаары, “Мээрим-Себат” Талас эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицей;
– Чүй облусу, Жайыл району, Ново-Николаевка айылы, Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүүчү лицейи;
– Чүй облусу, Кара-Балта шаары, “Билимкана-Кара-Балта” мектеби.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз