Камакка алынган Улан Жапаров президенттин тууганы экени такталды

Камакка алынган Улан Жапаров президенттин тууганы экени такталды

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаровдун тууганы Уланы Жапаровдун кармалышы боюнча үн катты.

Султанбаев коррупцияга шектелген Улан Жапаров президенттин тууганы экенин ырастады.

«Кармалган Улан Жапаров боюнча, ал чындап эле мамлекет башчысынын тууганы экенин билдиребиз. Ал бажыдагы маселелерге байланыштуу коррупциялык схемаларга катышкан деп шектелүүдө. Муну билген соң президент Жапаров кылмышка шектүүлөргө бардык мыйзамдуу чараларды көрүүнү жеке өзү талап кылган», — деди ал.

Анын айтымында, бул окуя коррупцияга каршы күрөштө тандалма мамиле жок экенин дагы бир жолу көрсөтүп турат.

«Ар бир жаран анын үй-бүлөсүнө же башка байланышына карабастан, кылмыш же укук бузуу жасаган учурда мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.

Эгерде иш коррупцияга байланыштуу болсо, анда келтирилген зыяндын ордун милдеттүү түрдө толтурат. Бул мамлекет башчысынын талабы», — дейт Султанбаев.

Эскерте кетсек, буга чейин Садыр Жапаровдун тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу Улан Жапаров коррупцияга шектелип кармалганы кабарланган. Белгилүү болгондой, ал 26-июлга чейин №1 тергөө абагына камакка алынган.

Президенттин тууганы делген Улан Жапаров 26-июлга чейин камалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>