Унаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяландыКРде чет өлкөлүк компанияларга эсеп ачууга 200 миң сомдук жыйым сунушталдыОшто акча алмаштыруу жайдын ээсин бычактаган жаран өмүр бою эркинен ажыратылдыӨзбекстанда Apple Pay жана Google Pay төлөм кызматтарын кошуу башталдыКыргызстанда унаалардын жүргөн жолун азайтып көрсөткөндөргө айып пул салуу сунушталууда
Президенттин тууганы делген Улан Жапаров 26-июлга чейин камалды
06.07.2023 | 14:28
Коррупцияга шектелген Улан Жапаров 26-июлга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, Ж.У.Р. (Жапаров Улан Ракымжанович) аттуу жарандын баш коргоо чарасы 3-июлда каралып, ал 26-июлга чейин камакка алынган. Шектүү №1 тергөө абагында камакта болот.
Буга чейин жергиликтүү ЖМК өздүк булактарына таянып президент Садыр Жапаровдун тууганынын уулу Улан Жапаров коррупцияга шектелип кармалганын билдирген.
Белгилүү болгондой, Улан Жапаров президент Садыр Жапаровдун тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу болуп саналат.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча шектелүүдө. Ишти ИИМдин Тергөө кызматы иликтөөдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом