Чүй облусунда жол жээктерин күйүүчү май сатуучулардан тазалоо боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Бишкек — Торугарт унаа жолунун 232-чакырымынан 244-чакырымына чейин желим бөтөлкөлөргө куюлган күйүүчү майлар мыйзамсыз жана коопсуздук эрежелери сакталбай сатылган. Алты жаранга 3000 сомдон протокол түзүлдү. 2,6 миң литр күйүүчү май алынган.
Ошондой эле «Автомобиль жолдору жөнүндө» мыйзамга туура келбеген 20 даана мыйзамсыз орнотулган плакаттар, жол белгилери аныкталды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз