Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Бишкектен Казанга каттамдарды көбөйтүү пландалууда
07.07.2023 | 13:04
Россиянын «Урал аба жолдору» авикомпаниясы 2023-жылдын 15-июлунан тартып Казань — Бишкек — Казань багыты боюнча биринчи каттамды ачып, Бишкектен Казаньга үзгүлтүксүз каттамдардын санын көбөйтүүнү максат кылууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка караганда, каттамдар жумасына 1 жолу (ишемби күндөрү) аткарылат.
Эске салсак, башка авиакомпаниялар аталган багыт боюнча каттамдарды жумасына 4 жолу аткарышууда.
Бишкектен Казань шаарына учуу 3-3,5 саатты түзөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом