Чүйдө мыйзамсыз ташылып келинген бензинди саткан кампа табылды

Чүйдө мыйзамсыз ташылып келинген бензинди саткан кампа табылды

Чүй облусунда аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу майларды сатуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан республикалык бюджетке зыян келтирүүчү кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында, 4-июлда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде мыйзамсыз ташылып келинген күйүүчү-майлоочу майларды сатуу боюнча ири кампа табылды. Ал жер тиешелүү уруксат кагаздары жана мамлекеттик органдарда каттоо документтери жок май куюучу жай катары жабдылганы аныкталды.

Учурда Салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте аныкталган фактыларды документтештирүү, ошондой эле республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>