БШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалуудаЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыТаштанды астындагы кенч: VII кылымдагы тыйын Бишкектин тарыхын жаңыдан жазууда
Чүйдө изделип жаткан 20 жаштагы жигиттин сөөгү табылды
10.07.2023 | 15:00
Чүй районунун Жаңы-Турмуш айылында Чоң Чүй каналында сууга түшүп кеткен 20 жаштагы уландын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 5-июль күнү К.М. аттуу жаран сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, куткаруучулар тарабынан издөөгө алынган.
Бүгүн издөө иштерине жалпы 49 куткаруучу тартылып, саат 11:40 чамасында Алга жана Кошой айылынын ортосундагы көпүрөнүн астынан жарандын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом