Дастан Бекешев Кыргызстандагы эң курч көйгөйлөрдү айтып бердиКыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер үчүн спорттук реалити-шоу ишке киргизилүүдөБалет артисттери жана бий жамааттары өзгөчө эмгек шарттары үчүн пенсия алуу укугуна ээ болуштуТормозсуз жол кырсыгы: айдоочу эки унааны сүзүп, кетип калды24-январь: Кар жаабайт, бирок суук болотСадыр Жапаров курулушчулардан ачык-айкындуулукту жана жарандардын алдындагы милдеттенмелерин так аткарууну талап кылды
Эки адамдын өлүмү. Жол кырсыгын жасаган аскер кызматкери камалды
12.07.2023 | 10:35
Чүйдүн Маевка айылында эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгын жасаган ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкери камакка алынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган кызматкер Бишкек гарнизонунун камак жайына камалган. Учурда бул окуя боюнча кылмыш ишин Аскердик прокуратура тергөөдө.
Эскерте кетсек, 5-июлда болжол менен саат 22:00до Маевка айылында Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу эки адамды сүзүп кетип, алар ооруканада каза тапкан. Жол кырсыгын жасаган айдоочу окуя учурунда мас абалында болгону, ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкери экени белгилүү болгон.
Аскер кызматкери мас абалда сүзүп кеткен 2 адам көз жумду (видео)
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом