Аскер кызматкери мас абалда сүзүп кеткен 2 адам көз жумду (видео)

Аскер кызматкери мас абалда сүзүп кеткен 2 адам көз жумду (видео)

Кечээ, 5-июлда Маевка айылында Ички аскерлердин кызматкери Mercedes-Benz унаасы менен эки адамды сүзүп кетип, алар ооруканада каза болду. Бул тууралуу активист Болот Ибрагимов билдирди.

Анын айтымында, Ички аскерлердин кызматкери окуя учурунда мас абалда болгон.

«Ички аскерлердин кызматкери эки адамды сүзүп кетип, алар ооруканада каза болду. Жол кырсыгы болгон учурда ал мас абалында болгону тастыкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкеринин айтымында, ал сыра ичкенин билдирген», — деди ал.

Ибрагимов адам өмүрүн алган жол кырсыктардын саны азайбай жатканын, күнөөкөрлөргө карата жаза күчөтүлүшү керектигин билдирди.

Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, 5-июлда болжол менен саат 22:00до Аламүдүн райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Маевкада жол унаа кырсыгы болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Алдын ала  маалымат боюнча, Маевка айылында Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу мас абалда унаа башкарып бара жатып, жол кырсыгына кабылгандыгы аныкталган. Жол кырсыгынын кесепетинен көз жумгандар бар. Азыркы учурда, бардык материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>